КОЁНДУ МӨҢГҮЛӨРҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:32, 13 Март (Жалган куран) 2026 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОЁНДУ МӨҢГҮЛӨРҮ – Борбордук Теңир-Тоодогу Ак-Шыйрак тоо тоомунун түштүк-чыгыш капта­лында жанаша жаткан үч мөңгү (Коёнду, Сол ж-а Оң Коёнду). К о ё н д у – татаал өрөөн ти­биндеги мөңгү. Узундугу 8 км, аянты 24,3 км2. Башы деңиз деңгээлинен 5000 м, этеги 3850 м бийикте жатат. Кар чегинин бийиктиги 4425 м. Абляциясынын аянты 7,7 км2. Мөңгү жалпак фирн талаасы м-н капталган. Коёнду ашуусу аркылуу Түштүк Кара-Сай мөңгүсүнө туташып, бир системаны түзөт. Акыркы жылдарда бир топ кыскарган. 1933- ж-а 1943-жылдарда Сол ж-а Оң Коёнду мөңгүлөрүнө бөлүнүп кеткен. С о л К о ё н д у мөңгүсүнүн узундугу 5,1 км, аянты 8,1 км2. Өрөөн тибиндеги мөңгү. Башы деңиз деңгээлинен 4917 м, этеги 3880 м бийикте жай­гашкан. Кар чегинин бийиктиги 4490 м. Абляция­сынын аянты 4,5 км2. О ң К о ё н д у мөңгүсүнүн узундугу 5,1 км, аянты 7,3 км2, көлөмү 0,715 км3. Өрөөн тибиндеги мөңгү. Башы деңиз деңгээлинен 5100 м, этеги 3880 м бийикте жатат. Кар чеги­нин бийиктиги 4200 м. Абляциясынын аянты 1,9 км2. Мөңгүлөрдөн Ак-Шыйрактын сол куй­масы – Коёнду суусу башталат.