КОЁНДУ МӨҢГҮЛӨРҮ
КОЁНДУ МӨҢГҮЛӨРҮ – Борб. Теңир-Тоодогу Ак-Шыйрак тоо тоомунун түш.-чыгыш капталында жанаша жаткан үч мөңгү (Коёнду, Сол ж-а Оң Коёнду). К о ё н д у – татаал өрөөн тибиндеги мөңгү. Уз. 8 км, аянты 24,3 км2. Башы деңиз деңг. 5000 м, этеги 3850 м бийикте жатат. Кар чегинин бийикт. 4425 м. Абляциясынын аянты 7,7 км2. Мөңгү жалпак фирн талаасы м-н капталган. Коёнду ашуусу аркылуу Түш. Кара-Сай мөңгүсүнө туташып, бир системаны түзөт. Акыркы жылдарда бир топ кыскарган. 1933- ж-а 1943-ж. Сол ж-а Оң К. м-нө бөлүнүп кеткен. С о л К о ё н д у мөңгүсүнүн уз. 5,1 км, аянты 8,1 км2. Өрөөн тибиндеги мөңгү. Башы деңиз деңг. 4917 м, этеги 3880 м бийикте жайгашкан. Кар чегинин бийикт. 4490 м. Абляциясынын аянты 4,5 км2. О ң К о ё н д у мөңгүсүнүн уз. 5,1 км, аянты 7,3 км2, көлөмү 0,715 км3. Өрөөн тибиндеги мөңгү. Башы деңиз деңг. 5100 м, этеги 3880 м бийикте жатат. Кар чегинин бийикт. 4200 м. Абляциясынын аянты 1,9 км2. Мөңгүлөрдөн Ак-Шыйрактын сол куймасы – Коёнду суусу башталат.