КЛУХОРИ АШУУСУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:59, 13 Март (Жалган куран) 2026 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЛУХО́РИ АШУУСУ Чоң Кавказдын Башкы же Суу бөлгүч кырка тоосунда. Теберда ж-а Кодори сууларынын жогорку агымдарынын аралыгын­да. Бийиктиги 2782 м. Ашуу аркылуу Аскер-Суху­ми жолу өтөт. Россияны (Карачай-Черкесияны) Грузия м-н байланыштырат. Ашууга жакын та­бияты кооз Клухори көлү жайгашкан.