КЛУХОРИ АШУУСУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЛУХО́РИ АШУУСУ Чоң Кавказдын Башкы же Суу бөлгүч кырка тоосунда. Теберда ж-а Кодори сууларынын жогорку агымдарынын аралыгын­да. Бийикт. 2782 м. Ашуу аркылуу Аскер-Суху­ми жолу өтөт. Россияны (Карачай-Черкесияны) Грузия м-н байланыштырат. Ашууга жакын та­бияты кооз Клухори көлү жайгашкан.