КЛИМАТТЫН ӨЗГӨРҮШҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:59, 12 Март (Жалган куран) 2026 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЛИМАТТЫН ӨЗГӨРҮШҮ – Жер шарындагы же анын ири бөлүгүндөгү климаттык шарттын узак убакыт бою (10 жылдан ашык) бир багыт­та же ыргактуу өзгөрүүсү. Г е о л о г и я л ы к климаттын өзгөрүшү палеогеографиялык изилдөөлөрдүн негизинде Жер­дин тарыхында узак убакыт бою жылуу ж-а суук мезгилдердин болгондугун далилдейт. Т а­р ы х ы й климаттын өзгөрүшү негизинен археологиялык ж-а жыл баяндамаларынын маалыматтары акыркы бир нече миң жылдын ичинде климат кескин өзгөр­бөгөндүгүн айгинелейт; мисалы, КМШнын айма­гында эң жылуу ж-а кургакчыл климат 13- ж-а 19–20-кылымдарда болгон. А з ы р к ы климаттын өзгөрүшү метео­рологиялык байкоолордун, ошондой эле дендрохронологиялык ж. б. ыкмалардын негизинде акыркы ондогон (кээде жүздөгөн) жылдарды камтыйт; анда климат циклдик өзгөрүүдө болгондугу аныкталат.