КЛИМАТТЫН ӨЗГӨРҮШҮ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КЛИМАТТЫН ӨЗГӨРҮШҮ – Жер шарындагы же анын ири бөлүгүндөгү климаттык шарттын узак убакыт бою (10 жылдан ашык) бир багытта же ыргактуу өзгөрүүсү. Г е о л о г и я л ы к К. ө. палеогеогр. изилдөөлөрдүн негизинде Жердин тарыхында узак убакыт бою жылуу ж-а суук мезгилдердин болгондугун далилдейт. Т ар ы х ы й К. ө. негизинен археол. ж-а жыл баяндамаларынын маалыматтары акыркы бир
нече миң жылдын ичинде климат кескин өзгөрбөгөндүгүн айгинелейт; мис., КМШнын аймагында эң жылуу ж-а кургакчыл климат 13-
ж-а 19–20-к-да болгон. А з ы р к ы К. ө. метеорол. байкоолордун, о. эле дендрохронол. ж. б. ыкмалардын негизинде акыркы ондогон (кээде жүздөгөн) жылдарды камтыйт; анда климат циклдик өзгөрүүдө болгондугу аныкталат.