КЛИМАТТЫК РАЙОНДОШТУРУУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:49, 12 Март (Жалган куран) 2026 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЛИМАТТЫК РАЙОНДОШТУРУУ – Жер ша­рынын же анын айрым бөлүктөрүнүн (океан, материк, өлкө ж. б.) алкактарга, зоналарга ж-а облустарга климаттык шарттары (мисалы, атмосфералык циркуляциясы, температуралык режими, нымдуу­лук деңгээли) боюнча бөлүнүшү; климаттык райондоштуруу климатты классификациялоо м-н тыгыз байланышта бо­луп, климаттык чек араларды жүргүзүү крите­рийлери м-н айырмаланат. Жердин климаттык системасын алгач А. Гумбольдт (19-кылымдын башы) жазган. А. И. Воейков климаттын физикалык маңызын ачкан, климатты пайда кылуучу про­цесстердин ролун ж-а жаратылыштын башка компоненттери м-н болгон өз ара байланышын карап чыккан, Жердеги климаттын түрдүү тип­терин географиялык кеңдик боюнча бөлүнүшүнө байланыш­тырган. Россиялык немис географы, метеорологу ж-а климатологу В. П. Кеппен абанын орточо темпе­ратурасы м-н атмосфералык жаан-чачын суммасын бөлүштүрүү боюнча, ал эми Л. С. Берг климат аркылуу анык­талган географиялык ландшафт боюнча райондоштурса, орус климатологу Г. Т. Селянинов жер шары, тропик, субтропик, мелүүн, арктика ж-а антарк­тика алкактарынын вегетация шарттары боюнча температура режими м-н жаан-чачын өзгөчөлүктөрүн эске алып, агроклиматтык райондоштурууну жүргүзгөн. А. А. Каминский Россиянын европалык бөлүгү м-н Орто Азиянын климаттык райондоштуруусун жүзөгө ашыр­ган. Б. П. Алисов атмосферанын жалпы циркуляция­сынын өзгөчөлүктөрү боюнча климаттык райондоштуруусун түзгөн. Климаттык райондоштуруу климатты пайда кылуучу процесстерге негизде­лип, географиялык факторлорго, айрыкча Жерге келип түшүүчү күн нурунун таралуусунда зоналуулук м-н сезондуулукту аныктоочу географиялык кеңдиктер­ге, абанын температурасына, атмосфералык басымга ж. б. бай­ланыштуу. Бирок, климаттык алкактар м-н зоналардын чектери кеңдик зоналуулукка гана туура келбестен, жер шарын дайыма эле текши курчабайт (мындай учурда зоналар облустарга бөлүнүп, бири-бири м-н туташпайт). Климаттык райондоштурууга Түндүк ж-а Түштүк жарым шарларда кургактык м-н де­ңиздин бөлүнүшү зор таасир берет. Түндүк жарым шарга кургактыктын негизги массиви жайгаш­кандыктан, анын климаттык шарттары Түш­түгүнө караганда континенттүүрөөк. Түндүк жарым шарда абанын орточо температурасы январда 8°С, июл­да 22°С болсо, түштүгүндө 17° ж-а 10°С. Жердин өтө жылуу параллели – термиялык экватор, анын температурасы 27°С, январда гана географиялык эква­тор м-н дал келет. Июлда 20° түндүк кеңдикке че­йин жылат, жылдык орточо абалы – 10° түндүк кең­дик ченде. Термиялык экватордон уюлдарды карай температура орто эсеп м-н 0,5–0,6°Сге чейин (тропиктерде өтө жай, башкаларында тез) төмөндөйт. Ошондуктан океандарга караганда материктердин ички аймактарында (айрыкча мелүүн алкакта) абанын температурасы жайында жогору, кышында төмөн болот. Климаттык райондоштурууда жылуу­лук м-н ным алмашуу ж-а атмосфералык циркуляциясы эске алынат, ал эми климаттын тиби географиялык факторлор (географиялык кеңдик, кургактык м-н деңиз­дин бөлүштүрүлүшү, топурак тиби, өсүмдүк ж-а кар катмары, океан агымдары, деңиз муздукта­ры ж. б.) м-н аныкталат. Ошондой эле к. Жер, Кли­мат, Климатология, Климаттык алкактар.