КЛИМАТТЫК РАЙОНДОШТУРУУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЛИМАТТЫК РАЙОНДОШТУРУУ – Жер ша­рынын же анын айрым бөлүктөрүнүн (океан, материк, өлкө ж. б.) алкактарга, зоналарга ж-а облустарга климаттык шарттары (мис., атм. циркуляциясы, темп-ралык режими, нымдуу­лук деңгээли) б-ча бөлүнүшү; К. р. климатты классификациялоо м-н тыгыз байланышта бо­луп, климаттык чек араларды жүргүзүү крите­рийлери м-н айырмаланат. Жердин климаттык системасын алгач А. Гумбольдт (19-к-дын башы) жазган. А. И. Воейков климаттын физ. маңызын ачкан, климатты пайда кылуучу про­цесстердин ролун ж-а жаратылыштын башка компоненттери м-н болгон өз ара байланышын карап чыккан, Жердеги климаттын түрдүү тип­терин геогр. кеңдик б-ча бөлүнүшүнө байланыш­тырган. Россиялык немис географы, метеорологу ж-а климатологу В. П. Кеппен абанын орт. темп­расы м-н атм. жаан-чачын суммасын бөлүштүрүү б-ча, ал эми Л. С. Берг климат аркылуу анык­талган геогр. ландшафт б-ча райондоштурса, орус климатологу Г. Т. Селянинов жер шары, тропик, субтропик, мелүүн, арктика ж-а антарк­тика алкактарынын вегетация шарттары б-ча темп-ра режими м-н жаан-чачын өзгөчөлүктөрүн эске алып, агроклиматтык райондоштурууну жүргүзгөн. А. А. Каминский Россиянын европ. бөлүгү м-н О. Азиянын К. р-сун жүзөгө ашыр­ган. Б. П. Алисов атм-нын жалпы циркуляция­сынын өзгөчөлүктөрү б-ча К. р. түзгөн. К. р. климатты пайда кылуучу процесстерге негизде­лип, геогр. факторлорго, айрыкча Жерге келип түшүүчү күн нурунун таралуусунда зоналуулук м-н сезондуулукту аныктоочу геогр. кеңдиктер­ге, абанын темп-расына, атм. басымга ж. б. бай­ланыштуу. Бирок, климаттык алкактар м-н зоналардын чектери кеңдик зоналуулукка гана туура келбестен, жер шарын дайыма эле текши курчабайт (мындай учурда зоналар облустарга бөлүнүп, бири-бири м-н туташпайт). К. р-га Түн. ж-а Түш. жарым шарларда кургактык м-н де­ңиздин бөлүнүшү зор таасир берет. Түн. жарым шарга кургактыктын негизги массиви жайгаш­кандыктан, анын климаттык шарттары Түш­түгүнө караганда континенттүүрөөк. Түн. жарым шарда абанын орт. темп-расы январда 8°С, июл­да 22°С болсо, түштүгүндө 17° ж-а 10°С. Жердин өтө жылуу параллели – термиялык экватор, анын темп-расы 27°С, январда гана геогр. эква­тор м-н дал келет. Июлда 20° түн. кеңдикке че­йин жылат, жылдык орт. абалы – 10° түн. кең­дик ченде. Термиялык экватордон уюлдарды карай темп-ра орто эсеп м-н 0,5–0,6°Сге чейин (тропиктерде өтө жай, башкаларында тез) төмөндөйт. Ошондуктан океандарга караганда материктердин ички аймактарында (айрыкча мелүүн алкакта) абанын темп-расы жайында жогору, кышында төмөн болот. К. р-да жылуу­лук м-н ным алмашуу ж-а атм. циркуляциясы эске алынат, ал эми климаттын тиби геогр. факторлор (геогр. кеңдик, кургактык м-н деңиз­дин бөлүштүрүлүшү, топурак тиби, өсүмдүк ж-а кар катмары, океан агымдары, деңиз муздукта­ры ж. б.) м-н аныкталат. О. эле к. Жер, Кли­мат, Климатология, Климаттык алкактар.