КЛИМАТ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:40, 12 Март (Жалган куран) 2026 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЛИ́МАТ (гр. klima – жантаюу; klimatos – күн нурунун жер бетине жантайып тийүүсү) – жер бетинин белгилүү бир бөлүгүндөгү аба ырайы­нын көп жылдык калыптанган режими. Ба­йыркы гректер Жер шарынын климаты негизинен күн нурунун жер бетине кыйгач тийишине бай­ланыштуу экенин билишкен; мисалы, ысык алкак­тарда күн нуру жер бетине тик, мелүүн алкак­тарда бир кыйла кыйгач түшөт, ал эми Түндүк ж-а Түштүк уюлдарда Күн бир нече ай көрүнбөй да калат (к. Уюлдук түн). Ошого байланыштуу «климат» түшүнүгү пайда болгон. Климатты пайда кылуучу процесстерге жылуулук м-н ным­дуулуктун алмашуусу, атмосфералык циркуляция ж. б. кирет. Климаттын негизги мүнөздөмөсү белгилүү бир жердин аба ырайына (атмосфералык басым, шамалдын ылдамдыгы м-н багыты, абанын температурасы ж-а нымдуулугу, булуттуулук, атмосфералык жаан-чачын ж. б.) көп жылдык байкоо жүргүзүүнүн неги­зинде аныкталат. Климаттын ар кандай болушуна географиялык факторлор (кеңдик, кургактык м-н деңиз­дердин жайгашуусу, океан агымы, бийиктик ал­кактуулук, жер бетинин рельефи) таасирин тий­гизет. Жер климаты геологиялык доорлордо дайыма өзгөрүп келген. Азыркы учурда жер бетинин климаты географиялык кеңдиктерге ылайык экватордук, 2 субэкватор­дук, 2 тропиктик, 2 субтропиктик, 2 мелүүн, субарктикалык, субантарктикалык, арктика­лык, антарктикалык климаттык алкактарга бөлүнөт. Ээлеген аймагы боюнча макроклимат, ме­зоклимат, микроклимат; аба ырайынын мүнө­зүнө карай ысык, мелүүн, суук, континенттик, деңиздик, тоо, уюлдук ж. б. климаттарга ажыраты­лат. Климат табияттын бир компоненти болуу м-н, ал суу режимине, топуракка, өсүмдүк ж-а жа­ныбарлар дүйнөсүнө, ошондой эле адамдын ден соолу­гуна, турмуш-тиричилигине ж-а чарбасына та­асирин тийгизет. Кырг-ндын аймагы мелүүн климаттык алкактын чөл зонасынан орун ал­ган; жалпысынан континенттик климат үстөм­дүк кылат; Кыргызстан тоолуу болгондуктан, ага климаттын бийиктик боюнча өзгөрүүсү да мүнөздүү (к. Бийиктик алкактуулук).

Ад.: Климат Киргизской ССР / Под ред. З. А. Ря­занцева. Фр., 1965; Голицын Г. С. Введение в дина­мику планетных атмосфер. Л., 1973; Монин А. С., Шишков Ю. А. История климата. Л., 1979; Буды­ко М. И., Ронов А. Б., Яншин А. Л. История атмосферы. Л., 1985; Будыко М. И., Голицын Г. С., Израэль Ю. А. Глобальные климатические катастрофы. М., 1986; Ан­тропогенные изменения климата./ Под ред. М. И. Бу­дыко, Ю. А. Израэля. Л., 1987.