КЛИМАТ
КЛИ́МАТ (гр. klima – жантаюу; klimatos – күн нурунун жер бетине жантайып тийүүсү) – жер бетинин белгилүү бир бөлүгүндөгү аба ырайынын көп жылдык калыптанган режими. Байыркы гректер Жер шарынын К-ы негизинен күн нурунун жер бетине кыйгач тийишине байланыштуу экенин билишкен; мис., ысык алкактарда күн нуру жер бетине тик, мелүүн алкактарда бир кыйла кыйгач түшөт, ал эми Түн. ж-а Түш. уюлдарда Күн бир нече ай көрүнбөй да калат (к. Уюлдук түн). Ошого байланыштуу «климат» түшүнүгү пайда болгон. Климатты пайда кылуучу процесстерге жылуулук м-н нымдуулуктун алмашуусу, атм. циркуляция ж. б. кирет. К-тын негизги мүнөздөмөсү белгилүү бир жердин аба ырайына (атм. басым, шамалдын ылдамдыгы м-н багыты, абанын темп-расы ж-а нымдуулугу, булуттуулук, атм. жаан-чачын ж. б.) көп жылдык байкоо жүргүзүүнүн негизинде аныкталат. К-тын ар кандай болушуна геогр. факторлор (кеңдик, кургактык м-н деңиздердин жайгашуусу, океан агымы, бийиктик алкактуулук, жер бетинин рельефи) таасирин тийгизет. Жер К-ы геол. доорлордо дайыма өзгөрүп келген. Азыркы учурда жер бетинин К-ы геогр. кеңдиктерге ылайык экватордук, 2 субэкватордук, 2 тропиктик, 2 субтропиктик, 2 мелүүн, субарктикалык, субантарктикалык, арктикалык, антарктикалык климаттык алкактарга бөлүнөт. Ээлеген аймагы б-ча макроклимат, мезоклимат, микроклимат; аба ырайынын мүнөзүнө карай ысык, мелүүн, суук, континенттик, деңиздик, тоо, уюлдук ж. б. К-тарга ажыратылат. К. табияттын бир компоненти болуу м-н, ал суу режимине, топуракка, өсүмдүк ж-а жаныбарлар дүйнөсүнө, о. эле адамдын ден соолугуна, турмуш-тиричилигине ж-а чарбасына таасирин тийгизет. Кырг-ндын аймагы мелүүн климаттык алкактын чөл зонасынан орун алган; жалпысынан континенттик климат үстөмдүк кылат; Кырг-н тоолуу болгондуктан, ага К-тын бийиктик б-ча өзгөрүүсү да мүнөздүү (к. Бийиктик алкактуулук).
Ад.: Климат Киргизской ССР / Под ред. З. А. Рязанцева. Фр., 1965; Голицын Г. С. Введение в динамику планетных атмосфер. Л., 1973; Монин А. С., Шишков Ю. А. История климата. Л., 1979; Будыко М. И., Ронов А. Б., Яншин А. Л. История атмосферы. Л., 1985; Будыко М. И., Голицын Г. С., Израэль Ю. А. Глобальные климатические катастрофы. М., 1986; Антропогенные изменения климата./ Под ред. М. И. Будыко, Ю. А. Израэля. Л., 1987.