КЛЕРМОН-ФЕРРАН
КЛЕРМО́Н-ФЕРРА́Н – Франциянын борбордук бөлүгүндөгү шаар. Овернь регионунун борбору. Пюиде-Дом департаментинин административдик борбору. Борбордук массивдин чегинде, Алье дарыясынын (Луаранын куймасы) өрөөнүндө, 1465 м бийикте жайгашкан. Калкы 147,7 миң (2022; шаар айланасы м-н 400

миң). Маанилүү жол тоому. Алгач грек тарыхчысы Страбон тарабынан Немоссос деп эскерилет. Б. з. ч. 1-кылымдын ортосунан Рим бийлигинин астында, 5-кылымда епископтуктун борбору болгон. 507-жылдан Вестгот королдугунун, 6-кылымдын ортосунан Франк мамлекетинин курамына кирген. 1630-жылы кошуна Монферран шаары м-н кошулуп (1731-жылы толугу м-н), азыркы атында. Эски Клермондо готика ж-а ренессанс стилиндеги турак жайлар сакталган. Роман стилиндеги Нотр-Дам-дю-Пор базиликасы (11–12-кылымдар) Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине киргизилген. Клермон-Ферран – Франциядагы илим м-н билимдин ири борбору. Резина-техника өнөр жайы өнүккөн (шаарда «Michelin» концернинин штаб-квартирасы жайгашкан). Металл иштетүү, пластмасса өндүрүү, тамак-аш, кагаз, полиграфия, фармацевтика, текстиль өнөр жай ишканалары иштейт. Университеттер, институттар, соода жогорку ж-а улуттук салык мектептери, муниципалдык ж-а калк китепканалары (1902; Франциядагы эң ири), музейлер ж. б. бар. Жыл сайын кыска метраждуу фильмдердин, жаз (1988-жылдан) ж-а заманбап музыкалардын эл аралык фестивалдары, спорттук ар түрдүү мелдештер өткөрүлүп турат. Шаарга жакын Руайя бальнеологиялык курорту, шаардан 15 км батышта «Вулкания» жанартоо паркы (аянты 57 га), шаар айланасында байыркы Рим доорунун көптөгөн эстеликтери жайгашкан.
Р. Карачалова.