КЛЕРМОН-ФЕРРАН

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЛЕРМО́Н-ФЕРРА́Н – Франциянын борб. бөлү­гүндөгү шаар. Овернь регионунун борбору. Пюи­де-Дом департаментинин адм. борбору. Борб. массивдин чегинде, Алье д-нын (Луаранын куй­масы) өрөөнүндө, 1465 м бийикте жайгашкан. Калкы 137,7 миң (2008; шаар айланасы м-н 400

Шаардын борборундагы Нотр-Дам-дю-Пор базилика­сы. 11–12-к.

миң). Маанилүү жол тоому. Алгач грек тарых­чысы Страбон тарабынан Немоссос деп эскери­лет. Б. з. ч. 1-к-дын ортосунан Рим бийлиги­нин астында, 5-к-да епископтуктун борбору бол­гон. 507-жылдан Вестгот королдугунун, 6-к-дын ортосунан Франк мамлекетинин курамына кир­ген. 1630-ж. кошуна Монферран ш. м-н кошу­луп (1731-ж. толугу м-н), азыркы атында. Эски Клермондо готика ж-а ренессанс стилиндеги турак жайлар сакталган. Роман стилиндеги Нотр-Дам-дю-Пор базиликасы (11–12-к.) Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине киргизилген. К.-Ф. – Франциядагы илим м-н билимдин ири борбору. Резина-тех. ө. ж. өнүккөн (шаарда «Michelin» концернинин штаб-квартирасы жай­гашкан). Металл иштетүү, пластмасса өндүрүү, тамак-аш, кагаз, полиграфия, фармацевтика,


текстиль ө. ж. ишканалары иштейт. Ун-ттер, ин-ттар, соода жогорку ж-а улуттук салык мек­тептери, муниципалдык ж-а калк китепкана­лары (1902; Франциядагы эң ири), музейлер ж. б. бар. Жыл сайын кыска метраждуу филь­мдердин, жаз (1988-жылдан) ж-а заманбап му­зыкалардын эл аралык фестивалдары, спорт­тук ар түрдүү мелдештер өткөрүлүп турат. Шаар­га жакын Руайя бальнеол. курорту, шаардан 15 км батышта «Вулкания» жанартоо паркы (аянты 57 га), шаар айланасында байыркы Рим доорунун көптөгөн эстеликтери жайгашкан.

Р. Карачалова.