КЛЕМАНСО

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:25, 12 Март (Жалган куран) 2026 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЛЕМАНСО́ Жорж (28. 9. 1841, Муйрон-ан-Паре – 24. 11. 1929, Париж)

– Франциянын саясий ж-а мамлекеттик ишмери. Француз академия­сынын мүчөсү (1918). Кесиби боюнча врач. Экинчи империянын учурунда ради­кал-республикачыл кыймылга ка­тышкан. Пруссия м-н бол­гон согушта Франция же­ңилгенден кийин (1870–71) улуттук чогулуштун депута­ты катары Франкфурт тынч­тык келишимине (1871) кар­шы чыккан. Париж Комму­насынын күндөрүндө (1871) коммунарлар м-н версал­дыктарды жараштырганга аракет кылган. 1880–90-жылдары Клемансо – буржуазиялык радикалдардын лидери. Германияга карата со­гуштук реванш алуунун тарапкери; Клемансо 1880-жыл­дары депутаттар палатасында ж-а басма сөздө француз бийлигинин колониялык саясатын айыптаган. 1902- ж-а 1909-жылдары сенатка шайланган. 1906-жылы март–октябрь айларында Франциянын ички иштер министри, 1906–09-жылдарда министрлер кеңешинин төрагасы. Венгр Совет республикасын басып алууда чоң роль ойногон. 1919–20-жылдарда Париж тынчтык конференциясынын төрагасы, француз делегациясынын башчысы. 1919-жылы Версаль тынчтык келишиминин авторлорунун бири болуп, Клемансо Европада Франциянын аскердик­-саясий гегемониясын орнотууга аракеттенген. 1920-жылы президенттик шайлоодо жеңилип ка­лып, саясаттан кеткен.


Ад.: Русанов Н. С. Галерея современных француз­ских знаменитостей. СПб., 1906; Прицкер Д. П. Кле­мансо. М., 1983.