КЛЕМАНСО
КЛЕМАНСО́ Жорж (28. 9. 1841, Муйрон-ан- Паре – 24. 11. 1929, Париж)

– Франциянын саясий ж-а мамл. ишмери. Француз академиясынын мүчөсү (1918). Кесиби б-ча врач. Экинчи империянын учурунда радикал-респ-чыл кыймылга катышкан. Пруссия м-н болгон согушта Франция жеңилгенден кийин (1870–71) улуттук чогулуштун депутаты катары Франкфурт тынчтык келишимине (1871) каршы чыккан. Париж Коммунасынын күндөрүндө (1871) коммунарлар м-н версалдыктарды жараштырганга аракет кылган. 1880–90-жылдары К. – бурж. радикалдардын лидери. Германияга карата согуштук реванш алуунун тарапкери; К. 1880-жылдары депутаттар палатасында ж-а басма сөздө француз бийлигинин колониялык саясатын айыптаган. 1902- ж-а 1909-жылдары сенатка шайланган. 1906-ж. март–октябрь айларында Франциянын ички иштер министри, 1906–09-ж. министрлер кеңешинин төрагасы. Венгр Совет респ-н басып алууда чоң роль ойногон. 1919– 20-ж. Париж тынчтык конф-ясынын төрагасы, француз делегациясынын башчысы. 1919-ж. Версаль тынчтык келишиминин авторлорунун бири болуп, К. Европада Франциянын аскердиксаясий гегемониясын орнотууга аракеттенген. 1920-ж. президенттик шайлоодо жеңилип калып, саясаттан кеткен.
Ад.: Русанов Н. С. Галерея современных французских знаменитостей. СПб., 1906; Прицкер Д. П. Клемансо. М., 1983.