КЛАСС

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:05, 11 Март (Жалган куран) 2026 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЛАСС , б и о л о г и я д а – биологиялык систематика­дагы жогорку таксономиялык категориялардын бири. Жакын түркүмдөрдү (жаныбарларда) же катарларды (өсүмдүктөрдө) бириктирет. Мисалы, ке­мирүүчүлөр, курт-кумурска жечүлөр, жырткыч­тар ж. б. түркүмдөр сүт эмүүчүлөр классына бири­гет. Жалпы түзүлүштөгү ж-а келип чыккан теги бир класстын өкүлдөрү типке (жаныбарда) же бө­лүмгө (өсүмдүктө) биригет. Мисалы, жерде-сууда жашоочулар, куштар, сүт эмүүчүлөр ж. б. жа­ныбарлардын хордалуулар тибин түзөт. Бир үлүштүү ж-а эки үлүштүү өсүмдүктөр жабык урук­туулар (гүлдүү өсүмдүктөр) бөлүмүнө биригет.