КЛАСС
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КЛАСС , б и о л о г и я д а – биол. систематикадагы жогорку таксономиялык категориялардын бири. Жакын түркүмдөрдү (жаныбарларда) же катарларды (өсүмдүктөрдө) бириктирет. Мис., кемирүүчүлөр, курт-кумурска жечүлөр, жырткычтар ж. б. түркүмдөр сүт эмүүчүлөр К-ына биригет. Жалпы түзүлүштөгү ж-а келип чыккан теги бир К-тын өкүлдөрү типке (жаныбарда) же бөлүмгө (өсүмдүктө) биригет. Мис., жерде-сууда жашоочулар, куштар, сүт эмүүчүлөр ж. б. жаныбарлардын хордалуулар тибин түзөт. Бир үлүштүү ж-а эки үлүштүү өсүмдүктөр жабык уруктуулар (гүлдүү өсүмдүктөр) бөлүмүнө биригет.