КЛАПЕЙРОН

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:48, 11 Март (Жалган куран) 2026 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЛАПЕЙРО́Н (Clapeyron) Бернуа Поль Эмиль (26.1.1799, Париж – 28.1.1864, ошол эле жер) – франциялык физик ж-а инженер, Париж ИАнын мүчөсү (1858), Петербург ИАнын кореспендент мүчөсү (1830). Париждеги политехникалык мектепти аяктаган (1818).1820–30-жылдары Россияда иштеген. Илимий эмгек­тери жылуулук кубулуштарына, пластикалуу­лукка, катуу нерселердин тең салмактуулугуна арналган. Термодинамикага индикатордук ди­аграммаларды киргизген. 1834-жылы идеалдык газ абалынын теңдемесин (к. Клапейрон теңдеме­си) иштеп чыккан, заттардын эрүү жана кай­ноо температураларынын басымдан көз карандуу­лугун (к. Клапейрон-Клаузиус теңдемеси ) көрсөткөн.