КЛАПЕЙРОН
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КЛАПЕЙРО́Н (Clapeyron) Бернуа Поль Эмиль (26.1.1799, Париж – 28.1.1864, ошол эле жер) – франциялык физик ж-а инженер, Париж ИАнын мүчөсү (1858), Петербург ИАнын кореспендент мүчөсү (1830). Париждеги политехникалык мектепти аяктаган (1818).1820–30-жылдары Россияда иштеген. Илимий эмгектери жылуулук кубулуштарына, пластикалуулукка, катуу нерселердин тең салмактуулугуна арналган. Термодинамикага индикатордук диаграммаларды киргизген. 1834-ж. идеалдык газ абалынын теңдемесин (к. Клапейрон теңдемеси) иштеп чыккан, заттардын эрүү жана кайноо температураларынын басымдан көз карандуулугун (к. Клапейрон-Клаузиус теңдемеси ) көрсөткөн.