КЛАЙМАКС КЕНИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:32, 11 Март (Жалган куран) 2026 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЛА́ЙМАКС КЕНИ – АКШдагы эң ири молиб­ден кени. Колорадо штатынан Клаймакс шаарына жакын тоолордон орун алган. Кендин айлана­сында кембрийге чейинки биотит-кварц-талаа шпатынан турган сланецтер м-н гнейстер, па­леозой заманындагы чөкмө тектер кездешет. Кен сланец м-н гнейсти жиреп өткөн риолит-пор­фир штогунун үстүнкү бөлүгүндө жайгашкан. Штокверк түрүндөгү кенташ зоналарынан турат. Алардын калыңдыгы 100–300 м келип, форма­сы тегерек болуп көрүнөт. Тереңдиги 800 мге жетет. Кенташтагы молибдендин орточо өлчөмү 0,26%, вольфрамдыкы 0,03%. Кенташ негизи­нен молибденит, пирит, вольфрамит, гюбренит, ошондой эле касситерит, галенит, сфалерит, топаз, флюорит, монацит минералдарынан турат. Мо­либдендин жалпы запасы 940 миң т. Кен мио­цен доорундагы гранитоиддүү магмадан бөлүнүп чыккан риолит-порфир интрузиясы м-н тыгыз байланышкан. Гидротерм процессинен пайда болгон. Кен 1928-жылдан ишке киргизилип, молибден өндүрүлүп алына баштаган. 1948-жыл­дан молибденден тышкары вольфрам, калай, пирит, монацит өндүрүлгөн.

Ад.: Рудные месторождения США. Т. 2. М., 1973.