КЛАЙМАКС КЕНИ
КЛА́ЙМАКС КЕНИ – АКШдагы эң ири молибден кени. Колорадо штатынан Клаймакс ш-на жакын тоолордон орун алган. Кендин айланасында кембрийге чейинки биотит-кварц-талаа шпатынан турган сланецтер м-н гнейстер, палеозой заманындагы чөкмө тектер кездешет. Кен сланец м-н гнейсти жиреп өткөн риолит-порфир штогунун үстүнкү бөлүгүндө жайгашкан. Штокверк түрүндөгү кенташ зоналарынан турат.
Алардын калыңдыгы 100–300 м келип, формасы тегерек болуп көрүнөт. Тереңдиги 800 мге жетет. Кенташтагы молибдендин орт. өлчөмү 0,26%, вольфрамдыкы 0,03%. Кенташ негизинен молибденит, пирит, вольфрамит, гюбренит, о. эле касситерит, галенит, сфалерит, топаз, флюорит, монацит минералдарынан турат. Молибдендин жалпы запасы 940 миң т. Кен миоцен доорундагы гранитоиддүү магмадан бөлүнүп
чыккан риолит-порфир интрузиясы м-н тыгыз
байланышкан. Гидротерм процессинен пайда болгон. Кен 1928-жылдан ишке киргизилип, молибден өндүрүлүп алына баштаган. 1948-жылдан молибденден тышкары вольфрам, калай, пирит, монацит өндүрүлгөн.
Ад.: Рудные месторождения США. Т. 2. М., 1973.