КИЧИ ҮЗӨҢГҮ-КУУШ
КИЧИ ҮЗӨҢГҮ-КУУШ – Ички Теңир-Тоодогу суу, Чоң Үзөңгү-Кууштун сол куймасы. Жети-Өгүз районунда. Узундугу 35 км, алабынын аянты 685 км2. Борколдой кырка тоосунун түндүк-батыш капталындагы мөңгүлөрдөн башталып, адегенде чыгышка (5–6 км), бара-бара түштүк-чыгышты карай агат. Өрөөнү кууш, суусу шар агат. Ири куймалары: Ичке-Суу (22 км), Кайнар (24 км; алабында аянты 0,56 км2 келген Кайнар көлү бар), Тосмо-Чоң-Капчыгай (22 км). Жылдык орточо чыгымы 3,75 м3/сек. Эң көбү июль – августта, азы март – апрелде байкалат. Май айында кире баштап, октябрда тартылат.