КИЧИ ҮЗӨҢГҮ-КУУШ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КИЧИ ҮЗӨҢГҮ-КУУШ – Ички Теңир-Тоодогу суу, Чоң Үзөңгү-Кууштун сол куймасы. Жети- Өгүз р-нунда. Уз. 35 км, алабынын аянты 685 км2. Борколдой кырка тоосунун түн.-батыш капталындагы мөңгүлөрдөн башталып, адеген­де чыгышка (5–6 км), бара-бара түш.-чыгышты карай агат. Өрөөнү кууш, суусу шар агат. Ири куймалары: Ичке-Суу (22 км), Кайнар (24 км; алабында аянты 0,56 км2 келген Кайнар көлү бар), Тосмо-Чоң-Капчыгай (22 км). Жылдык орт. чыгымы 3,75 м3/сек. Эң көбү июль – августта, азы март – апрелде байкалат. Май айында кире баштап, октябрда тартылат.