КИЧИ КЕМИН (Чүй дарыясынын оң куймасы)

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:50, 11 Март (Жалган куран) 2026 карата Temirkan (талкуу | салымы) (Temirkan moved page КИЧИ КЕМИН 1 to КИЧИ КЕМИН (Чүй дарыясынын оң куймасы)) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КИЧИ КЕМИН – Чүй дарыясынын оң куймасы. Кемин районунда. Иле Ала-Тоосунун түштүк капталынан башталып, түштүк-батышты карай адегенде Ак- Түз капчыгайы, андан төмөн Кичи Кемин өрөөнү аркылуу агып, Чүй дарыясына жетпей сугатка бөлү­нүп кетет. Узундугу 81 км, алабынын аянты 614 км2. Жогорку бөлүгүндө кууш өрөөн м-н агып, ортоң­ку агымында сайы кеңийт. Жылдык орточо чыгы­мы 2,10 м3/сек. Эң көп чыгымы 8,63 м3/сек (июль), эң азы 0,46 м3/сек (февраль). Ири куй­малары: Кертабылгы (19 км), Сасык-Булак (15 км). Жээгинде Ак-Түз шаарчасы, Ильич, Жаңы-Жол, Кичи Кемин, Боролдой кыштактары жай­гашкан.