КИЧИ КЕМИН (Чүй дарыясынын оң куймасы)
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КИЧИ КЕМИН – Чүй дарыясынын оң куймасы. Кемин районунда. Иле Ала-Тоосунун түштүк капталынан башталып, түштүк-батышты карай адегенде Ак- Түз капчыгайы, андан төмөн Кичи Кемин өрөөнү аркылуу агып, Чүй дарыясына жетпей сугатка бөлүнүп кетет. Узундугу 81 км, алабынын аянты 614 км2. Жогорку бөлүгүндө кууш өрөөн м-н агып, ортоңку агымында сайы кеңийт. Жылдык орточо чыгымы 2,10 м3/сек. Эң көп чыгымы 8,63 м3/сек (июль), эң азы 0,46 м3/сек (февраль). Ири куймалары: Кертабылгы (19 км), Сасык-Булак (15 км). Жээгинде Ак-Түз шаарчасы, Ильич, Жаңы-Жол, Кичи Кемин, Боролдой кыштактары жайгашкан.