КИЧИ КАВКАЗ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:04, 9 Март (Жалган куран) 2026 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КИЧИ КАВКА́З – Закавказьедеги бүктөлүүдөн пайда болгон кырка тоо тармактары. Чоң Кав­каздан Колхида ж-а Кура ойдуңдары аркылуу бөлүнүп, ага жарыш 600 кмге созулуп жатат. Эң бийик жери 3724 м (Гямыш чокусу). Кичи Кавказга Месхети, Триалети, Сомхети, Мургуз, Шахдаг, Мировдаг, Карабах ж. б. кырка тоолор кирет. Түн. капталында жазы ж-а ийне (батыш бөлү­гүндө) жалбырактуу токой өсөт.