КИЧИ КАВКАЗ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КИЧИ КАВКА́З – Закавказьедеги бүктөлүүдөн
пайда болгон кырка тоо тармактары. Чоң Кавказдан Колхида ж-а Кура ойдуңдары аркылуу бөлүнүп, ага жарыш 600 кмге созулуп жатат. Эң бийик жери 3724 м (Гямыш чокусу). К. К-га Месхети, Триалети, Сомхети, Мургуз, Шахдаг, Мировдаг, Карабах ж. б. кырка тоолор кирет.
Түн. капталында жазы ж-а ийне (батыш бөлүгүндө) жалбырактуу токой өсөт.