КИЧИ ЖЕР ТУНДРАСЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:52, 9 Март (Жалган куран) 2026 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КИЧИ ЖЕР ТУНДРАСЫ – Печора дарыясынын төмөнкү агымы м-н Индига дарыясынын аралыгында­гы аймак, Россиянын Ненец улут округунда.
Рельефи түзөң, Баренц деңизин бойлой 60–80 м бийиктеги тектирчелер, борбордук бөлүгүндө майда дөбө-дөңсөөлүү морена түздүктөрү, айрым жер­леринде бийиктиги 140–180 мге жеткен дөңсөөлөр ж-а жалчалар бар; негизгиси Ненец жалчасы, бийиктиги 140 мге чейин. Сулла, Сойма ж-а Ин­дига дарыяларынын алаптары өтө саздуу. Антропоген­дик деңиз ж-а континенттик чөкмөлөрдөн түзүлгөн. Көлү көп, ирилери – Урдюж, Индига ж. б. Климаты катаал, кышы узак, январдын орточо температурасы –16– –17°С, жайы кыска, сал­кын, июлдуку 8°С (түндүгү), 12°С (түштүгү). Жылдык жаан-чачыны 300–350 мм. Бадалдуу ж-а эңил­чектүү тундра басымдуу. Негизги чарбасы – бугу багуу, балык кармоо, аңчылык кылуу.