КИЧИ ЖЕР ТУНДРАСЫ
КИЧИ ЖЕР ТУНДРАСЫ – Печор а д-нын
төмөнкү агымы м-н Индига д-нын аралыгындагы аймак, Россиянын Ненец улут округунда.
Рельефи түзөң, Баренц деңизин бойлой 60–80 м
бийиктеги тектирчелер, борб. бөлүгүндө майда дөбө-дөңсөөлүү морена түздүктөрү, айрым жерлеринде бийикт. 140–180 мге жеткен дөңсөөлөр
ж-а жалчалар бар; негизгиси Ненец жалчасы, бийикт. 140 мге чейин. Сулла, Сойма ж-а Индига д-нын алаптары өтө саздуу. Антропогендик деңиз ж-а континенттик чөкмөлөрдөн
түзүлгөн. Көлү көп, ирилери – Урдюж, Индига
ж. б. Климаты катаал, кышы узак, январдын орт. темп-расы –16– –17°С, жайы кыска, салкын, июлдуку 8°С (түн.), 12°С (түш.). Жылдык жаан-чачыны 300–350 мм. Бадалдуу ж-а эңилчектүү тундра басымдуу. Негизги чарбасы – бугу
багуу, балык кармоо, аңчылык кылуу.