КИЧИ АК-СУУ
КИЧИ АК-СУУ – Ысык-Көлгө куйган суу. Ысык-Көл районунда. Узундугу 34 км, алабынын аянты 192 км2. Күнгөй Ала-Тоонун түштүк капталынан башталып, кууш өрөөн аркылуу агат. Алабы карагайлуу. Ири куймалары: Желе-Карагай, Сүттүү-Булак. Алабында 3 көл бар. Негизинен мөңгү, кар ж-а булактан куралат. Жылдык орточо чыгымы 2,97 м3/сек. Байкалган эң көп чыгымы 31 м3/сек, эң азы 0,22 м3/сек. Апрелде кире баштап, ноябрда тартылат. Сугатка пайдаланылат. Жээгинде Семёновка, Кожояр кыштактары жайгашкан.