КИЧИ АК-СУУ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КИЧИ АК-СУУ – Ысык-Көлгө куйган суу.
Ысык-Көл р-нунда. Уз. 34 км, алабынын аянты 192 км2. Күнгөй Ала-Тоонун түш. капталынан башталып, кууш өрөөн аркылуу агат. Алабы карагайлуу. Ири куймалары: Желе-Карагай, Сүттүү-Булак. Алабында 3 көл бар. Негизинен мөңгү, кар ж-а булактан куралат. Жылдык орт.
чыгымы 2,97 м3/сек. Байкалган эң көп чыгымы 31 м3/сек, эң азы 0,22 м3/сек. Апрелде кире баштап, ноябрда тартылат. Сугатка пайдаланылат. Жээгинде Семёновка, Кожояр кыш. жайгашкан.