«КОДЕКС КУМАНИКУС»

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:40, 9 Март (Жалган куран) 2026 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

«КО́ДЕКС КУМАНИ́КУС» – кумандардын (кып­чактардын) 82 барактан турган кол жазма ки­теби. Эски готикалык арип м-н жазылган. Ба­йыркы нускасы Венециядагы Марк олуянын чиркөө китепканасында сакталган. Автору ж-а жазылган жери белгисиз. 13-кылымдын аягы–14-кылымдын башында түштүк орус талаасын, Крым айма­гын мекендеген кыпчактардан жыйналган маа­лыматтардын негизинде жазылган деп болжол­доого болот. Эмгек эки бөлүктөн турат: 1) ла­тынча-фарсча-куманча сөздүк; 2) христиан ди­нинин пайдасы жөнүндө баяндамадан, куман ти­линин латынча жазылган кыскача граммати­калык очеркинен ж-а сөз тизмектеринин немисче котормолорунан турат. «Кодекс куманикустун» куман (кып­чак) лексикасы бар бөлүгү француз, латын, не­мис тилдерине которулуп, 4 жолу (1828-жылы Па­рижде, 1880-жылы Будапештте, 1884-жылы Петербург­да, 1942-жылы Копенгагенде) басылып чыккан. 1972-жылы кол жазма биринчи ирет Казак ССР ИА тарабынан басмага даярдалган ж-а түрк тилде­ринде сүйлөгөн элдердин тарыхын, этнография­сын, адабиятын ж-а тилин изилдөөдө баалуу маалы­мат берет.

Ад.: Гаркавец А. Н. Кыпчакские языки: куманский и армяно-кыпчакский. А., 1987.