«КОДЕКС КУМАНИКУС»
«КО́ДЕКС КУМАНИ́КУС» – кумандардын (кыпчактардын) 82 барактан турган кол жазма китеби. Эски готикалык арип м-н жазылган. Байыркы нускасы Венециядагы Марк олуянын чиркөө китепканасында сакталган. Автору ж-а жазылган жери белгисиз. 13-к-дын аягы–14- к-дын башында түш. орус талаасын, Крым аймагын мекендеген кыпчактардан жыйналган маалыматтардын негизинде жазылган деп болжолдоого болот. Эмгек эки бөлүктөн турат: 1) латынча-фарсча-куманча сөздүк; 2) христиан дининин пайдасы ж-дө баяндамадан, куман тилинин латынча жазылган кыскача грамматикалык очеркинен ж-а сөз тизмектеринин немисче котормолорунан турат. «К. к-тун» куман (кыпчак) лексикасы бар бөлүгү француз, латын, немис тилдерине которулуп, 4 жолу (1828-ж. Парижде, 1880-ж. Будапештте, 1884-ж. Петербургда, 1942-ж. Копенгагенде) басылып чыккан. 1972-ж. кол жазма биринчи ирет Казак ССР ИА тарабынан басмага даярдалган ж-а түрк тилдеринде сүйлөгөн элдердин тарыхын, этнографиясын, ад-тын ж-а тилин изилдөөдө баалуу маалымат берет.
Ад.: Гаркавец А. Н. Кыпчакские языки: куманский и армяно-кыпчакский. А., 1987.