КИСЛОТАЛУУ ЖААН-ЧАЧЫН
КИСЛОТАЛУУ ЖААН-ЧАЧЫН , к ы ч к ы л ж а а н - ч а ч ы н – ашыкча кычкылданган (pH 5,6дан төмөн) жамгыр, кар аралаш жаан; өнөр жай ишканаларынан ж-а автотранспорттон чыккан таштандыларга (негизинен SO2, NO2, HСl ж. б.) каныгышынан пайда болот. Терминди алгач англиялык химик А. Смит 1970-жылы (Манчестер шаарынын абасынын булгануу деңгээли м-н жаан-чачындын кислоталуулугун өз ара байланышын аныктоо аркылуу) сунуштаган. Бирок, кислоталуу жаан-чачындын экологиялык кесепети акыркы он жылдыктарда гана байкалган. Кислоталуу жаан-чачын көлмөлөр м-н топуракты кычкылдандырып, балыктардын, суудагы башка организмдердин жоголушуна, токойлордун жакшы өспөй куурап калышына, экосистеманын бузулушуна алып келет. Кислоталуу жаан-чачындарды пайда кылуучу күкүрттүн оксиддерин (SO , SO ) нефть, көмүр м-н иштеген жылуулук электр станциялары ж-а металлургиялык заводдор, азоттун оксиди менен диоксидин жылуулук электр станциялары ж-а автотранспорт, ал эми хлор кимслотасын түрдүү табигый ж-а өндүрүш булактары бөлүп чыгарат. Суюк кислоталуу жаан-чачын Скандинавия өлкөлөрүндө ж-а Канадада, кургак түрдө АКШнын ортоңку батышында, Чехия м-н Словакияда жаайт. Анын өтө кычкыл көрсөткүчү ( pH – 2,3) Батыш Европада байкалган. Кислоталуу жаан-чачындан жер астындагы сууларда металлдардын (коргошун, жез, цинк ж. б.) өлчөмү көбөйүп, тамыр аркылуу өсүмдүктөргө өтүп, аларды уулантып, көбүнчө кууратып салат. Адамдын ден соолугуна да терс таасирин тийгизип, өсүмдүктөргө, жандыктарга ошондой эле имарат м-н архитектуралык эстеликтерге зыян тийгизет. Атмосферасы SO2 м-н өтө булганган өлкөлөргө – Финляндия, Люксембург, Чехия, Венгрия, Канада кирет. Кислоталуу жаан-чачын акыркы жылдары орчундуу көйгөйгө айланып, ааламдык мүнөзгө ээ болууда.