КИСЛОТАЛУУ ЖААН-ЧАЧЫН
КИСЛОТАЛУУ ЖААН-ЧАЧЫН , к ы ч к ы л ж а а н - ч а ч ы н – ашыкча кычкылданган (pH 5,6дан төмөн) жамгыр, кар аралаш жаан; ө. ж. ишканаларынан ж-а автотранспорттон чыккан таштандыларга (негизинен SO2, NO2, HСl ж. б.) каныгышынан пайда болот. Терминди алгач англ. химик А. Смит 1970-ж. (Манчестер ш-нын абасынын булгануу деңгээли м-н жаан-чачындын кислоталуулугун өз ара байланышын аныктоо аркылуу) сунуштаган. Бирок, К. ж.-ч-дын экол. кесепети акыркы он жылдыктарда гана байкалган. К. ж.-ч. көлмөлөр м-н топуракты кычкылдандырып, балыктардын, суудагы башка организмдердин жоголушуна, токойлордун жакшы өспөй куурап калышына, экосистеманын бузулушуна алып келет. К. ж.-ч-дарды пайда кылуучу күкүрттүн оксиддерин (SO , SO ) нефть, көмүр м-н иштеген жы- + 2 3
тотранспорт, ал эми хлор к-тасын түрдүү табигый ж-а өндүрүш булактары бөлүп чыгарат. Суюк К. ж.-ч. Скандинавия өлкөлөрүндө ж-а Канадада, кургак түрдө АКШнын ортоңку батышында, Чехия м-н Словакияда жаайт. Анын өтө кычкыл көрсөткүчү ( pH – 2,3) Батыш Европада байкалган. К. ж.-ч-дан жер астындагы сууларда металлдардын (коргошун, жез, цинк ж. б.) өлчөмү көбөйүп, тамыр аркылуу өсүмдүктөргө өтүп, аларды уулантып, көбүнчө кууратып салат. Адамдын ден соолугуна да терс таасирин тийгизип, өсүмдүктөргө, жандыктарга о. эле имарат м-н арх. эстеликтерге зыян тийгизет. Атм. SO2 м-н өтө булганган өлкөлөргө – Финляндия, Люксембург, Чехия, Венгрия, Канада кирет. К. ж.-ч. акыркы жылдары орчундуу көйгөйгө айланып, ааламдык мүнөзгө ээ болууда.