КИРХГОФ ЭРЕЖЕСИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:12, 9 Март (Жалган куран) 2026 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КИ́РХГОФ ЭРЕЖЕСИ – тармакталган электр тиз­мегиндеги ток күчүн, чыңалууну (же электр кый­мылдаткыч күчүн) аныктоочу эреже. 1847-жылы немис физиги Г. Р. Кирхгоф төмөнкү 2 эрежени аныктаган. 1) Өткөргүчтөрдүн тармакталуу түйүнүнө (а сүрөт) чогулган токтордун алгачкы суммасы нөлгө барабар: Ik 0; мында n – тармактардын саны, түйүнгө агып келүүчү ток оң, андан агып чы­гуучусу – терс бо­лот: I1+I2+I3=0. Бул эреже заряддардын сакталуу закону­нан келип чыгат. 2) Электр тармагы­нан эркибизче бөлүп алынган ар кандай туюк контурдагы ток күчүнүн каршы­лыкка болгон кө­бөйтүндүсүнүн алгачкы суммасы туюк чын­жырдагы электр кыймылдаткыч кү­чүнүн –к алгачкы сумма­сына барабар:

n n L Ik R = L Ik –; n – туюк контурдагы бө-

k=1 k k=1 к

лүкчөлөрдүн саны. Саат жебесинин жүрүшү­нө туура келген контурдун багыты оң деп эсептелет (б сүрөт). Кирхгофтун 2-эрежеси электр тизмегине Ом законун колдонуудан алынат.