КИРХГОФ ЭРЕЖЕСИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КИ́РХГОФ ЭРЕЖЕСИ – тармакталган электр тиз­мегиндеги ток күчүн, чыңалууну (же электр кый­мылдаткыч күчүн) аныктоочу эреже. 1847-ж. немис физиги Г. Р. Кирхгоф төмөнкү 2 эрежени аныктаган. 1) Өткөргүчтөрдүн тармакталуу түйүнүнө (а сүрөт) чогулган токтордун алг. сум- L масы нөлгө барабар: Ik 0 ; мында n – тар- k 1 мактардын саны, түйүнгө агып келүүчү ток –


оң, андан агып чы­гуучусу – терс бо­лот: I1+I2+I3=0. Бул эреже заряддардын сакталуу закону­нан келип чыгат. 2) Электр тармагы­нан эркибизче бөлүп алынган ар кандай т уюк к онт урдагы ток күчүнүн каршы­лыкка болгон кө­бөйтүндүсүнүн алг. суммасы туюк чын­жырдагы элект р кыймылдаткыч кү­чүнүн –к алг. сумма­сына барабар:

n n L Ik R = L Ik – ; n – туюк контурдагы бө-

k=1 k k=1 к

лүкчөлөрдүн саны. Саат жебесинин жүрүшү­нө туура келген контурдун багыты оң деп эсептелет (б сүрөт). Кирхгофтун 2-эрежеси электр тизмегине Ом законун колдонуудан алынат.