КИРПИЛЕР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:30, 9 Март (Жалган куран) 2026 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КИРПИЛЕР (Erinoceidal) – курт-кумурска жечү сүт эмүүчүлөр тукуму. Денеси ийне м-н каптал­ган, көбүнүн буту беш манжалуу, кашка тиште-

ри чоң, кылкыйма тишке окшоп ке­тет. Тери алдында­гы булчуңу жакшы өөрчүгөн. Коркунуч сезгенде, ал бул­чуңдар жыйры­лып, тоголок фор­мага айланат. Кулагы, көзү даана байкалат. Кирпилердин 2 тукумчасы, 12–15 түрү Евразия, Афри­када таралган. КМШ өлкөлөрүндө 7 түрү бар. Алар Европа, Ыраакы Чыгыш, Кавказ ж-а Борбордук Азияда, Кыргызстанда токой, бадал арасында, та­лаада, чөлдө, өзөн жээгинде жашайт. Айрым түрү кышкысын чээнге кирет. Жылына 1–7 бала тууйт. Айыл чарбасына зыян келтирүүчү курт-кумурска­ларды жеп, пайда келтирет. 1 түрү ТКЭСтин Кы­зыл китебине катталган.