КИРПИЛЕР
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КИРПИЛЕР (Erinoceidal) – курт-кумурска жечү сүт эмүүчүлөр тукуму. Денеси ийне м-н капталган, көбүнүн буту беш манжалуу, кашка тиште-

ри чоң, кылкыйма
тишке окшоп кетет. Тери алдындагы булчуңу жакшы өөрчүгөн. Коркунуч сезгенде, ал булчу ңдар жый рылып, тоголок формага айланат. Кулагы, көзү даана байкалат. К-дин 2 тукумчасы, 12–15 түрү Евразия, Африкада таралган. КМШ өлкөлөрүндө 7 түрү бар. Алар Европа, Ы. Чыгыш, Кавказ ж-а Борб. Азияда, Кырг-нда токой, бадал арасында, талаада, чөлдө, өзөн жээгинде жашайт. Айрым түрү кышкысын чээнге кирет. Жылына 1–7 бала тууйт. А. ч-на зыян келтирүүчү курт-кумурскаларды жеп, пайда келтирет. 1 түрү ТКЭСтин Кызыл китебине катталган.