КИНОВАРЬ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:42, 2 Март (Жалган куран) 2026 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КИ́НОВАРЬ – сульфиддер классына кирүүчү ми­нерал. Химиялык формасы HgS. Тригон системасын­да кристаллданат. Өңү-түсү кызыл, ачык кы-

зыл, кээде күңүрт тартып, көгүш боз болуп кубулжуйт. Алмаздай күчтүү жалтырайт. Кату­улугу Моос шка­ласы боюнча 2–2,5, салыштырма

салмагы 8. Төмөнкү температурадагы гид­ротерм кендеринде кварц, кальцит, барит, антимо­нит, пирит, мар­казит ж. б. мине­ралдар м-н бирге пайда болот. Киноварь – сымаптын кенташы. Кызыл боёк даярдалат (байыркы Еги­петте сүрөт тартуу үчүн колдонгон. Байыркы за­манда кытайлар бычак м-н кырып алышып, жаратка сыйпашкан. Ошол себептен кытайдын «кырма кызыл дарысы» деп аталып калган).