КИНОВАРЬ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КИ́НОВАРЬ – сульфиддер классына кирүүчү минерал. Хим. формасы HgS. Тригон системасында кристаллданат. Өңү-түсү кызыл, ачык кы-

зыл, кээде күңүрт тартып, көгүш боз болуп кубулжуйт. Алмаздай күчтүү жалтырайт. Катуулугу Моос шкаласы б-ча 2–2,5, с.
салм. 8. Төмөнкү темп-радагы гидротерм кендеринде кварц, кальцит, барит, антимонит, пирит, марказит ж. б. минералдар м-н бирге пайда болот. К. – сымаптын кенташы. Кызыл боёк даярдалат (байыркы Египетте сүрөт тартуу үчүн колдонгон. Байыркы заманда кытайлар бычак м-н кырып алышып, жаратка сыйпашкан. Ошол себептен кытайдын «кырма кызыл дарысы» деп аталып калган).