КИНЕТИКА ЭНЕРГИЯСЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:37, 2 Март (Жалган куран) 2026 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КИНЕ́ТИКА ЭНЕРГИЯСЫ – кыймылдоочу нер­сенин энергиясы; механикалык кыймылдын сандык чени. Ар кандай кыймылдоочу нерсе кинетика энергиясына ээ. Мас­сасы m болгон чекит u ылдамдык м-н алга жы­луу кыймылында болсо, анын кинетика энергиясы Ек чекит массасын ылдамдык квадратына көбөйтүлгөн көбөйтүндүнүн жарымына барабар: Ек=mu /2. Алга жылуу кыймылындагы нерсенин энергия­сы: Е =Мu2/2, М – нерсенин массасы, u – анын ылдамдыгы. Кыймылсыз октун айланасында айлануучу катуу нерсенин кинетика энергиясы Ек=Iw /2, – нер­сенин айлануу огуна карата инерция моменти, w – нерсенин бурчтук ылдамдыгы. Кинетика энергиясы нер­сенин кыймылын токтотуучу күч аткарган жумуштун чоңдугу м-н аныкталат, джоуль (Дж) м-н ченелет.