КИНЕТИКА ЭНЕРГИЯСЫ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КИНЕ́ТИКА ЭНЕРГИЯСЫ – кыймылдоочу нерсенин энергиясы; механикалык кыймылдын сандык чени. Ар кандай кыймылдоочу нерсе кинетика энергиясына ээ. Массасы m болгон чекит u ылдамдык м-н алга жылуу кыймылында болсо, анын кинетика энергиясы Ек чекит массасын ылдамдык квадратына көбөйтүлгөн көбөйтүндүнүн жарымына барабар: Ек=mu /2. Алга жылуу кыймылындагы нерсенин энергиясы: Е =Мu2/2, М – нерсенин массасы, u – анын ылдамдыгы. Кыймылсыз октун айланасында айлануучу катуу нерсенин кинетика энергиясы Ек=Iw /2, – нерсенин айлануу огуна карата инерция моменти, w – нерсенин бурчтук ылдамдыгы. Кинетика энергиясы нерсенин кыймылын токтотуучу күч аткарган жумуштун чоңдугу м-н аныкталат, джоуль (Дж) м-н ченелет.