КИНДИК ВОЛЬФРАМ КЕНИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:15, 2 Март (Жалган куран) 2026 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КИНДИК ВОЛЬФРА́М КЕНИ Ош облусунун Ноо­кат районунда, Алай кырка тоосунун түндүк капта­лында, Киндик суусунун баш жагында, деңиз деңгээлинен 4000–4200 м бийикте. 1940-жылы ачылган. 1976–78-жылдарда геологиялык картасы түзүлгөн ж-а изилден­ген. Кен аймагынын геологиялык түзүлүшүнө акиташ катмарчасынан турган терриген катмары ж-а аны жиреп чыккан гранит интрузиясы каты­шат. Граниттин акиташ м-н болгон чегинде скарн тулкулары бар. Алардын узундугу 320 м, ка­лыңдыгы 20 мге чейин. Скарн м-н шеелит, мо­либденит минералдары байланышта. Вольфрам­дын үч оксидинин орточо өлчөмү 0,26%. Кенташ­тын С2 категориясы боюнча запасы 1135,0 миң т, вольфрамдын үч оксиди – 2951 т.