КИНДИК ВОЛЬФРАМ КЕНИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КИНДИК ВОЛЬФРА́М КЕНИ Ош обл-нун Ноо­кат р-нунда, Алай кырка тоосунун түн. капта­лында, Киндик суусунун баш жагында, деңиз деңг. 4000–4200 м бийикте. 1940-ж. ачылган. 1976–78-ж. геол. картасы түзүлгөн ж-а изилден­ген. Кен аймагынын геол. түзүлүшүнө акиташ катмарчасынан турган терриген катмары ж-а аны жиреп чыккан гранит интрузиясы каты­шат. Граниттин акиташ м-н болгон чегинде скарн тулкулары бар. Алардын уз. 320 м, ка­лыңдыгы 20 мге чейин. Скарн м-н шеелит, мо­либденит минералдары байланышта. Вольфрам­дын үч оксидинин орт. өлчөмү 0,26%. Кенташ­тын С2 категориясы б-ча запасы 1135,0 миң т, вольфрамдын үч оксиди – 2951 т.