КИНГСТАУН
КИ́НГСТАУН – Сент-Винсент ж-а Гренадина мамлекетинин борбору, шаар. Сент-Жорж округу-

нун административдик борбору. Кариб деңизиндеги Кингстаун булуңунун жээгинде, Сент-В инсент аралынын түштүгүндө жайгашкан. Калкы 16,6 миң (2008). Порт. Эл аралык аэропорту бар. Автомобиль жолдору өлкөнүн башка шаарлары м-н байланыштырат. Шарлотт форту (18-кылым), Ыйык Мария собору (19-кылым) сакталган. Бишопа менчик коллежи (1963), улуттук музей, стадион бар. Ботаникалык бак (1765; Батыш жарым шардагы эң эски тропикалык өсүмдүктөрдүн коллекциясы өстүрүлөт) уюштурулган. Айыл чарба продуктулары иштетилет. Өлкөнүн башкы соода-финансы борбору. Туризм өнүккөн.