КИНГСТАУН
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КИ́НГСТАУН – Сент-Винсент ж-а Гренадина мамлекетинин борбору, шаар. Сент-Жорж округу-

нун адм. борбору. Кариб деңизиндеги Кингстаун булу ңунун жээгинде, Сент-В инсент а-нын түштүгүндө жайгашкан. Калкы 16,6 миң (2008). Порт. Эл аралык аэропорту бар. Автомобиль жолдору өлкөнүн башка шаарлары м-н байланыштырат. Шарлотт форту (18-к.), Ыйык Мария собору (19-к.) сакталган. Бишопа менчик коллежи (1963), улуттук музей, стадион бар. Ботан. бак (1765; Батыш жарым шардагы эң эски тропикалык өсүмдүктөрдүн коллекциясы өстүрүлөт) уюштурулган. А. ч. продуктулары иштетилет. Өлкөнүн башкы соода-финансы борбору. Туризм өнүккөн.