«ЖУҢГАРИЯ МЕНЕН ЧЫГЫШ ТҮРКСТАНДЫН БАЙЫРКЫ ЖАНА АЗЫРКЫ УЧУРДАГЫ АБАЛЫ»

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:00, 2 Март (Жалган куран) 2026 карата Турганбаев Элебай (талкуу | салымы) (Created page with "'''«ЖУҢГАРИЯ МЕНЕН ЧЫГЫШ ТҮРКСТАНДЫН БАЙЫРКЫ ЖАНА АЗЫРКЫ УЧУРДАГЫ АБАЛЫ»''' – орус чыгыш таануучусу Н. Я. Бичуриндин (Иакинф) байыркы жана соңку кытай тарыхынан орус тилине которгон котормосу. Котормонун негизин байыркы Хань династиясынын (б. з. ч. 202–б. з. 220...") тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

«ЖУҢГАРИЯ МЕНЕН ЧЫГЫШ ТҮРКСТАНДЫН БАЙЫРКЫ ЖАНА АЗЫРКЫ УЧУРДАГЫ АБАЛЫ» – орус чыгыш таануучусу Н. Я. Бичуриндин (Иакинф) байыркы жана соңку кытай тарыхынан орус тилине которгон котормосу. Котормонун негизин байыркы Хань династиясынын (б. з. ч. 202–б. з. 220) тарыхынын (Цянь Хан шу) 96-бөлүмү, «Батыш аймактар тууралуу баяндама» (Си юй чжуань), 1777-жылы басылып чыккан «Батыш аймактар жөнүндө көргөндөр жана уккандар тууралуу жазмалар» (Си юй вэнь цзянь лу), ошондой эле XVIII кылымда расмий жыйнакталган «Жогорку даражалуу буйрук менен басылып чыккан Улуу Цинь империясынын толук баяндамасы» (Юй чжи Да Цин и тун чжи) аттуу тарыхый-географиялык булактар түзгөн.