АТМОСФЕРА ТЕМПЕРАТУРАСЫНЫН ИНВЕРСИЯСЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:11, 24 Февраль (Бирдин айы) 2026 карата imported>Gulira тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АТМОСФЕРА ТЕМПЕРАТУРАСЫНЫН ИНВЕРСИЯСЫ‒ жер бетинен бийиктеген сайын атмосферадагы аба температурасынын жогорулашы. Инверсия көбүнчө атмосферанын бир катмарынын экинчисине өткөндөгү чек арада байкалат. Анын калыӊдыгы 10‒1000 мге жетет. Инверсия катмарында температуранын көтөрүлүшү 15‒20°Сге жетип, кээде андан да ашат. Абанын түн ичинде муздашынан улам радиациялык инверция келип чыгат. Атмосферанын жогорку катмарында аба массасынын которулушунан кысылган инверсия байкалат.