АТМОСФЕРА ТЕМПЕРАТУРАСЫНЫН ИНВЕРСИЯСЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АТМОСФЕРА ТЕМПЕРАТУРАСЫНЫН ИНВЕРСИЯСЫ‒ жер бетинен бийиктеген сайын атмосферадагы аба температурасынын жогорулашы. Инверсия көбүнчө атмосферанын бир катмарынын экинчисине өткөндөгү чек арада байкалат. Анын калыӊдыгы 10‒1000 мге жетет. Инверсия катмарында температуранын көтөрүлүшү 15‒20°Сге жетип, кээде андан да ашат. Абанын түн ичинде муздашынан улам радиациялык инверция келип чыгат. Атмосферанын жогорку катмарында аба массасынын которулушунан кысылган инверсия байкалат.