АССИМИЛЯЦИЯ (геологияда)

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:34, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АССИМИЛЯЦИЯ [assimilatio ‒ окшоштук, кейиптенүү] г е о л о г и я д а ‒ магма менен анын айлана-чөйрөсүндөгү тоотектердин өз ара аракеттенишүү (эрүү, эритүү, сиӊирүү ж. б.) процесси. Магма жогору көтөрүлгөндө, жанаша жаткан тоотектерди жана магмага түшкөн алардын бөлүкчөлөрүн бүт же жарым-жартылай эритип, өзүнүн курамын, д. у. с. касиеттерин өзгөртөт. Ошондой эле жанаша жаткан тоотектер өзгөрүүлөргө учурап, алардан жаӊы тек келип чыгат. Кээде тоотектин кесек бөлүкчөлөрү магма менен аралашып, ксенолитти (чоочун ташты) пайда кылат.